Сербия менен Косоволук албандардын өкүлдөрү Косовонун келечек макамы боюнча дагы бир жолу сүйлөшүү тууралуу макулдашты. Мындай чечимге алар Брюсселдеги кечээки жолугушууда келишти. Сүйлөшүүгө ортомчулук кылган Евробиримдик, Орусия жана АКШ өкүлдөрү тараптар бул жолугушууда өз сунуштарын айтканын билдиришүүдө. Бирок анда кандай сунуштар болгону айтылган жок. Тараптар эми 22-октябрда Венада жолугушмакчы.