Форум бүгүн эртең менен Улуттук филармонияда башталды. Ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары чакырылган. Мындан тышкары кыймылдын бардык облустардагы мүчөлөрү делегат катары катышып жатышат.
«Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылына «Содружество», «Авангард», «Санжыра», «Либералдык-прогрессивдик» жана «Республикалык Эмгек жана Биримдик» партиялары кирген. Айрым божомолдор боюнча бүгүн “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын негизинде жаңы саясий партия түзүлүүсү мүмкүн.(ZKo)