№69 Балыкчы шайлоо аймагынан ЖК депутаттыгына ат салышууда уттуруп койгон талапкер Кубанычбек Кадыров шайлоо таза өтпөгөнүн, айрым участоктордо добуш берүү бурмаланганын белгилеп, шайлоону жокко чыгарууну өтүнгөн арыз менен Балыкчы шаардык сотуна кайрылган. Анын мындай аракетине атаандашы Максат Абакировдун тарапкерлери нааразылык билдирип, 300 дөй киши аймактык шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулушту.
Кубанычбек Кадыровдун арызы сотто каралар каралбасы бүгүн саат 15:00 белгилүү болот. (ZKo)
Кубанычбек Кадыровдун арызы сотто каралар каралбасы бүгүн саат 15:00 белгилүү болот. (ZKo)