Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

14:00 Референдум өткөрүү тууралуу 1991-жылы түзүлгөн мыйзам эскирген


Мындай билдирүүнү “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы таратты. Анда жазылгандай он алты жыл мурда жазылган мыйзам 2007-жылдын 21-октябрында өтөрү белгиленген Референдум үчүн жарабайт. Бул мыйзам менен бийлик добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого кенен мүмкүнчүлүк алат, анткени 1991-жылы жазылган мыйзамда Референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү тууралуу маселелер толук жөндөлгөн эмес жана жарандык коомдун талабы менен Шайлоо кодексине кийин кошумчаланган шарттарды камтыбайт. Алардын ичинде мөөнөтүнөн мурда добуш берүү боюнча Шайлоо кодекси менен Референдум өткөрүү тууралуу мыйзамдын шарттары бири-бирине дал келбейт, ошондой эле мыйзамда бармакка белги басуу эрежеси жок, бул Референдум учурунда бурмалоолорго жол берет, деп жазылат билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG