ИИМнин маалымат катчысы Бакыт Сеитовдун маалымат каражаттарына билдиргени боюнча "Жашылдар" партиясы 19-октябрда өткөрүүнү болжоп жаткан митинг шаар мэринин уруксаты жок болсо, мыйзамсыз деп эсептелет жана иш-чараны борбордук аянттан башка жерде өткөрүү сунушталат. Эгер баш ийбесе анда чара колдонулат, деп билдирди маалымат катчысы.
"Жашылдар" партиясы 19-октябрда “Ачка Кыргызстан Референдумга каршы” деген аталыштагы иш-чара өткөрмөкчү. Аларга Бишкек шаарынын жана Биринчи май районунун жетекчилиги тарабынан иш-чараны өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу сунушталган. "Жашылдар" партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев нааразылык акциясынын мөөнөтү жылдырылбай тургандыгын белгиледи. (ZKo)