ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:08

7:19 Биринчи май райсоту бүгүн 19-апрелдеги окуя боюнча айыпталып жаткан эки жарандын ишин кароону улантышы күтүлүүдө

Оппозициянын апрелдеги митингин таратуу учурундагы баш аламандык боюнча Жылдызбек Кенжебаевге милицияга таш ыргыткан, Амантай Сейталиевге болсо ички иштер министри Болот Ногойбаевдин колунан үн күчөткүчтү талашкан деген айып тагылууда. Бул ишти сот алгач 13-сентябрда карап баштап, күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу артка жылдырган. Бул аталган окуя боюнча сотко жеткен алгачкы иш эмес. Биринчи май райондук соту буга чейин да бул тополоң боюнча ишти карап, ага катышты деп айыпталган Эркин Акназаровду төрт жарым жылга, Жолдошбек Абдиевди төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан эле. (SM)
​
XS
SM
MD
LG