Екатеринбург шаарында өтчү бул иш чаранын алкагындагы Кыргызстандын таанымал чыгармачыл топтору катышкан концерттик программадан сырткары эки тараптуу жолугушуулар да өтүп, маданий кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү. Маданият министри Султан Раев баштаган кыргыз делегациясы бул сапардын алкагында аталган облуста жашап жаткан кыргызстандыктар менен да жолугушууларды өткөрүүсү белгиленген.(SM)