Жакынкы Чыгышта иш сапары менен жүргөн АКШ мамлекеттик катчысы бул өлкөнүн президенти Хосни Мубарак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анын алдында Кондализа Райс Иордан Батыш жээгинде Палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугушуп, Израиль менен тынчтык алакада болуучу Палестин мамлекетин түзүүгө убакыт жеткенин билдирген.