Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков менен Азербайжандын коргоо министри Сафар Ахунбала оглы Абиев бүгүн Бишкекте жолугушмакчы. Жолугушууда эки тарап 2008-жыл үчүн кызматташуунун планына жана аскер кызматкерлерин биргелешип даярдоо тууралуу протоколго кол коюшат. Азербайжандын коргоо министри Сафар Ахунбала оглы Абиевдин 17-октябрда мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана ЖК төрагасы Марат Султанов менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча эки өлкөнүн коргоо министрлери Кыргызстандын аскердик окуу жайларын да кыдырышат. (ZKo)
Коргоо министрлигинин маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча эки өлкөнүн коргоо министрлери Кыргызстандын аскердик окуу жайларын да кыдырышат. (ZKo)