170тен ашуун адамдын каны төгүлгөн 2005- жылкы Анжиян чатагынан кийин Брюссель айрым өзбек жетекчилеринин Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыйуу салып, Өзбекстанга курал сатууну токтоткон эле. 15-октябрда Люксембургда өткөн жыйында Биримдиктин тышкы иштер министрлери виза режимин алты айга алып салууну чечти. Өзбекстан- Брюссель үчүн стратегиялык жактан маанилүү экенин жана адам укугунун бузуулар кайталанчу болсо, виза режими кайра киргизиле турганын Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро- Валднер айым билдирди:
- Биз өлкөдө адам укугун бузуулар болобу, байкап турабыз. Бирок, биз абдан кылдат болууга тийшпиз. Өзбекстан региондогу калкы көп өлкө жана Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз өлкөнү таштап койбошубуз керек. Биз кызматташ болуп, адам укугунун абалын жакшыртуу үчүн колмо- кол иштөөгө ачык аракет кылуубуз зарыл.
Брюсселдик чиновниктердин айтымында, аскерий эмбарго күчүндө калганы менен символикалык гана мааниге ээ.
Евробримдиктин мүчөлөрүнүн Өзбекстан менен кызматташууга дилгирлиги, “Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Аахто Лобякастын айтымында, баарынан да өлкөнүн газ кендерине байланыштуу:
-Евробиримдиктин бир катар мүчөлөрү Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну өнүктүрүү зарыл деп санашат. Анткени, биримдик отун энергиясына муктаж жана чөлкөмдүн чордонундагы көп калктуу Өзбекстан менен алака курбай, Борбор Азия өлкөлөрү менен жакшы мамилеге жетишүү мүмкүн эмес дешет алар. Алардын пикиринде, виза режимин жеңилдетүү Өзбекстанга эшикти ачык кармап, өз ара мамиледе болууга өбөлгө түзөт.
Өзбекстанга каршы санкцияны жеңилдетүүгө Британия, Нидерландия, Швеция жана Ирландия сыяктуу өлкөлөр каршы чыгып жатышты. Бул топ Өзбекстандагы адам укугун абалы жакшырбады, адам укугу боюнча өткөн сүйлөшүүлөрдөн натыйжа бербеди деп санашат жана жакында абактан бошотулган саясый туткундар ырасмий түрдө али акталбаганын айтышат. Алардын пикиринде, декбардагы президенттик шайлоо адилет өтөөрү күмөн болуп жатканда, сакцияны жеңилдетүү Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө да адам укугун тепсөөгө жол ачат.