Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

14:45 Оппозициялык партиялар биригүү боюнча сүйлөшүүнү улантып жатышат

Буга чейин айтылгандай “Атамекен”, “Акшумкар”, “Асаба” партиялары биригүүнү көздөөдө. “Атамекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев биригүү тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирди.
Ал эми “Ар-Намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев биригүүнү көздөгөн партиялар шарттарын сүйлөшүп, чечип алуусу керек, деп эсептейт. Анын айтуусунда эгер идеология, келечектеги иш-максаттар боюнча шарттар туура келсе “Ар-Намыс” да оппозициялык партияларга кошулат, бирок шайлоого өз атынан барат.
Мурдараак “Ар-Намыс” партиясы парламенттик шайлоого 100 талапкер коюуга даяр экендигин маалымдаган. (ZKo)
XS
SM
MD
LG