19-апрелдеги массалык баш аламандык боюнча Жылдызбек Кенжебаевге милицияга таш ыргыткан, Амантай Сейталиевге болсо ички иштер министри Болот Ногойбаевдин колунан үн күчөткүчтү талашкан деген айып тагылган. Бүгүн Биринчи Май райондук соту бул ишти кароону улантты. Соттун жүрүшүндө прокурор соттолуучулардын айыбын угузуп, Амантай Сейталиев менен Жылдызбек Кенжебаевди үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууну суранды. Сот 19-октябрда уланат, ал күнү айыпталуучулардын акыркы сөзү угулуп, соттун чечими чыгуусу мүмкүн. (ZKo)