Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

7:12 Балыкчы шайлоо округундагы талаш боюнча чечим чыгарууну сот бүгүнкүгө калтырды


Ага кечээки сот ишине арызданган тараптын адвокаты жана ишенимдүү өкүлү келбей калышы себеп болду. Балыкчы шаар сотунун төрагасы Болот Дүйшөмбүев эгер арызданган тараптын өкүлдөрү бүгүн да келбесе мыйзам боюнча сот арызды канааттандырбастыгын билдиргенин аймактагы кабарчыбыз маалымдады. Балыкчы шайлоо округунда ушул жекшембиде Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, талапкер Максат Абакиров 50 пайыздан ашуун добуш менен алдыга чыккан. Бирок анын атаандашы Кубанычбек Кадыров айрым участоктордо мыйзам бузуулар болду деп сотко кайрылган эле.(SM)

XS
SM
MD
LG