Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ТАРАБЫНАН ӨЗБЕКСТАНГА КАРАТА ЧЕКТӨӨЛӨР КЫСКАРТЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдиги Өзбекстанга карата мурда жарыяланган чектөөлөрдү убактылуу жумшартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бирок эгер жарым жылдын ичинде өлкөдөгү адам укуктарынын абалы жакшырбаса, чектөөлөр кайра киргизилиши мүмкүн.

2005-жылдын май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында тополоң чыгып, ал күч менен басылгандан соң эл аралык коомчулук жана анын ичинде Европа Биримдиги дагы ал окуяга көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылган. Ташкен ага уруксат бербегенден кийин ошол эле жылы Өзбекстанга карата чектөөлөр киргизилген, мисал үчүн, Биримдикке мүчө мамлекеттер Ташкенге курал сатпаш керек, андан тышкары, өлкөнүн 12 жогорку кызматкерине - Европа мамлекеттерине виза берилбей калган.

Анткен менен былтыр уюмга Алмания төрагалык кылган мезгилде Өзбекстанга карата мамилени жумшартуу саясаты башталган жана июндан бери Биримдиктеги төрага Португалия ал саясатты улантууда. Алардын айтымында, кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү үчүн кайсы бир мамлекетти дүйнөлүк коомчулуктан бөлүп салгандан көрө аны ар башка иштерге тартуу менен андагы абалды жакшырткан жакшы. Мындай саясатка Улуу Британия, Нидирланд, Ирландия жана Швеция каршы чыккан, бирок акырында чектөөлөрдү жумшартуу чечими кабыл алынды.

Европа Биримдигине кирген 27 мамлекеттин тышкы иштер министрлери 15-октябрда Люксембург шаарында жолугуп, маселени талкуулаганда, алар - виза чектөөлөрүн алты айга алып салууну чечти, бирок курал-жарак сатууга мурда салынган эмбарго күчүндө калды.

"Бул чара кандай жыйынтык берээрин күтүш керек. Менин оюмча, ушундай жолду дагы текшерип көргөн жакшы. Өзбекстан - региондогу эң көп калкы бар мамлекет, ал биздин жалпы Борбор Азиялык стратегиябызда өзгөчө мааниге ээ. Аны жөн гана четке түртүп салуу болбойт деп ойлойм, биз аны менен акырындап мамиле түзүп, адам укуктар тармагындагы абалды жакшыртууга аракет кылыш керекпиз", - дейт Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро-Валднер.

Айрым европалык саясатчылардын пикиринде, акыркы бир жылдын ичинде Ташкен алдыга бир нече кадам жасады, мисал үчүн, өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынды жана абактарда отурган айрым саясатчылар ар башка шартта бошотулду. Андан тышкары, адам укуктарын коргоо маселеси боюнча Өзбекстан менен Биримдик ортосунда атайын талкуу да өткөрүлдү.

Анткен менен адам укуктарын коргогон айрым эл аралык уюмдардын айтымында, чектөөлөрдүн кыскартылышы Ташкенге туура эмес белги бериши мүмкүн жана алар - биздин саясатты Европа колдоп жатат деген пикирге келиши ыктымал. "Хюман райтс вотч" уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчилеринин бири Вероника Сенте Голдстоундун пикиринде, Европа Биримдиги ката чечим кабыл алды:

"Биздин оюбузча, бул - маскарачылык, адам укуктар тармагында Ташкен эч кандай жылыш жасабаган учурда ага мындай сыйлык берүү учурга жарашпайт. Биздин пикирибизде, Европа Биримдиги өлкөгө таасир кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Андай санкциялар бар кезде Биримдик, мисал үчүн, абактарда отурган адам укуктарын коргоочуларды бошотууну жана абалды жакшыртуу боюнча талап койо алчу", - дейт Голстоун.

XS
SM
MD
LG