Мындан сырткары дагы жүздөн ашуун кишилер жаракат алганы кабарланууда. Багадда миналанган автоунаа жарылуусунан 6 киши мерт болуп, 20 чакты адам жарадар болду. Алардын арасында аскерлер, жайкын тургундар, анын ичинде аялдар жана балдар да бар. Багдаддын чыгыш тарабында болсо согушкерлер полициячыларга каршы ок ачып, үчөөсүн өлтүрдү. Өлкө түндүгүндөгү Мосул шаарында да автоунаа жарылуусунан кеминде 4 киши мерт болуп, 75тей адам жаракат алды.