Бул тууралуу «Чегарасыз репортерлор» эл аралык уюмунун жаңы отчетунда белгиленди. Быйылкы иликтөөдө Тажикстан 115-орунду, Казакстан 125-орунду, Украина 93-орунду, АКШ 48-орунду алган. Исландия биринчи орунга чыгып, андан кийинки өлкөлөрдүн катарында Норвегия, Эстония, Словакия, Белгия, Швеция, Дания, Ирландия, Португалия аталган. «Чегарасыз репортерлор» уюму сөз эркиндигинин абалын 50 негизге таянып жыл сайын аныктап келатат. Алардын катарында журналисттердин өлүмү, кесипке байланышкан ар кыл коркутуп-үркүтүү, кысым көрсөтүү, көз карандысыз маалымат каражаттарын чектөө өңдүү негиздер бар. (BuS)