Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

15:08 Эднан Карабаев: Евробиримдик менен тыгыз кызматташуу мамлекеттин тышкы саясатынын приоритеттеринин бири


Бүгүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев Польшанын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Павел Чеплак менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүп жатышына ынанып турганын билдиришти. Ошондой эле, Кыргызстандын тышкы иштер министри Президент Курманбек Бакиевдин демилгеси боюнча, 20 – февраль күнүн “Бүткүл дүйнөлүк акыйкат күнү” деп жарыялоо резолюциясы менен БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрыла турганын айтты. Ал эми Польшанын элчиси өз кезегинде ыраазычылыгын билдирип, Польша мамлекети Кыргызстан менен ар кыл багыттагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. (ESu)

XS
SM
MD
LG