Жалалабатта Аксы окуясы боюнча өтүп жаткан сотто жарыш сөз улантылып, соттолуучулар акыркы сөзүн айтышты. Анда жабырлануучулардын адвокаттары менен мамлекеттик айыптоочулар үч адамдын кызмат абалынан пайдалангандыктарын белгилешип, кылмыш иштери жабырлануучулар менен күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен ырасталгандыктарын далилдешти. 2002-жылы 17- мартта атасы окко учкан Айжигит Бейшебаев соттолуучуларды жоопко тартууну, областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновго 20-30 жыл жаза чектөөнү соттон суранды. Айыпталуучулар 17-мартта Аксы районунда болбогондуктан районго жөө келаткан адамдарга курал колдон деп эч кимиси буйрук бербегенин айтышып, өздөрүн актоону соттон өтүнүштү. (YA)