Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:11

17:17 Беловодск айылындагы «Джи Ли» фирмасына болгон кол салуудан кытайлык жаран набыт болду


Бул туурасында ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов «Азаттыкка» кабарлады. Анын билдиргенине караганда дүйшөмбү күнү кечки саат сегизде, жүзүн бекиткен белгисиз адам аталган фирмага кирип акча берүүнү талап кылган. Иш аяктаганы менен жумуштан кытайлык эки жаран кете элек болчу. Кылмышкер эч кандай акча таба алган эмес, бирок колундагы аныкталбаган курч нерсе менен жыйырма беш жаштагы Лиу Цияогангды катуу чаап качып кеткен. Ал ошол түнү райондук ооруканадан көз жумду. Учурда аталган кылмыш ишине байланыштуу шектүү делген төрт жагдай катталып, Москва РИИБ тарабынан иликтөөгө алынууда. Металлды кайра эритүүчү «Джи Ли» фирмасында төрт кыргыз жана төрт кытай улутундагы адамдар иштеген. (JJ)

XS
SM
MD
LG