Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

17:22 Жалалабатта областтык акимчилик алдына Базаркоргондон келген 16 киши пикетке чыгышты


Алар Базаркоргон райондук бийлигинин алдындагы бир гектарга жакын жер талашка түшүп, мурдагы райаким Магаматкул Закировдун жактоочулары мыйзамсыз ээлеп алуу менен андан мурда ал жерге ээ болгон Тажидинова Манзуранын жактоочуларына кысым көрсөтүп жаткандыгын айтышты. Жер талаш маселеси чоң чырга айланып бараткандыгын белгилешкен пикетчилер областтык бийлик алдында эки саат турушуп, мыйзамдуу чара көрүлбөсө башка акцияларды уюштурарын айтышты. Алар менен губернатор Искендер Айдаралиев жолугушуп, маселени териштирүүгө убада берип, референдум өткүчө нааразылык акцияны токтото турууну өтүндү . (YA)

XS
SM
MD
LG