Башкы комиссар Антонио Гуттерештин сапарына байланышкан маселелер бүгүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен БУУнун качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын туруктуу өкүлү Карлос Заканининин жолугушуусунда талкууланды. Башкы комиссар Кыргызстанга качкындардын ахыбалын билүү үчүн келет. Эки күндүк сапарында Гуттереш президент Курманбек Бакиев баштаган мамлекеттик жетекчилер менен жолугушуп, качкындар үчүн Борбордун ачылышына катышат. (BuS)