Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

10:20 А. Токталиев: Н. Жамантаев менен С. Борбашевдин ишин Токмок шаардык соту карашы керек


Мындай сунуш менен Кеминде массалык баш аламандык уюштурду деген айып менен соттолуп жаткандардын адвокаттары Биринчи май райондук сотуна кайрылганы жатышат. Бул тууралуу адвокат Акин Токталиев билдирди. 23-апрелден 24-апрелге караган түнкү Кемин окуясы боюнча май айында Коопсуздук комитетинин камагына алынган Назарбек Жамантаев 29-августта убактылуу бошотулган. Учурда ал ооруканада жатат. Ал Чернобыль кырсыгынын майыбы. Экинчи айыпталуучу Сагынаалы Борбашев үч күн камактан кийин убактылуу бошотулган болчу. Дагы бир айыпталуучу Жогорку Кеңештин депутаттыгына экс-талапкер Бермет Акаева кылмышы делилденген жок деген негиз менен 14-сентябрда акталып, Коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. Акин Токталиев колунда байлыгы жок эки жөнөкөй жаранды Биринчи май райондук соту актаарына ишенбейт. (BuS)

XS
SM
MD
LG