Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:57

МУНАЙ БААСЫ АСМАНДООДО


Дүйнөлүк базарда мунай баасы кымбаттоодо. Эки күн мурда Нью-Йорктогу биржада кара майдын наркы соңку кездердеги дагы бир рекорддук чекти багындырып, бир баррели 88 долларга чаап барды. Адистер соңку кымбаттоонун бир себебин чайкоочулукка байланыштырышууда.

Былтыр октябрь айынын ушул күндөрүндө кара майдын бир барелли дүйнөлүк базарда 60 долларга бааланып жаткан эле. Эми баанын 88 долларга чыгышы менен ал 1980 –жылдардын башында орун алган, тарыхтагы эң кымбат баага улам жакындап баратканы айтылууда. Дүйнөдө 1970-жылдандын соңу, 80-жылдардын башындагы энергетикалык кризисти анда Ирандагы ислам революциясы, анын соңунан болгон Иран – Ирак согушу алып келген эле. Ал кезде бир баррель мунай 38 долларга чейин көтөрүлгөн. Андан берки инфляцияны эске алгандан, адистер ырастоосунда, ошол кездеги 38 доллардын күчү бүгүнкү күндөгү 100 долларга жетерлик.

Эл аралык басма сөздө болсо соңку кымбаттоонун бир нече себептери аталууда. Алардын бири – Түркиянын Ирактын түндүгүндө күрд согушкерлерине каршы аскерий операция баштоо ыктымалдуулугу. Түрк өкмөтүнүн бир нече күндүн бери талкууланып жаткан бул сунушуна өлкө парламенти кечээ, шаршемби күнү уруксат берди. Андыктан, америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезити жазгандай, мунай базары азыр белгисиздик абалында турат. 2003-жылы АКШ Иракта аскерий операция баштагандан бери Ирактын түндүгүнөн Түркия аркылуу мунай экспорту улам –улам үзгүлтүккө учурап келген. Буга бир эсе мунай түтүктөрүнүн утур-утур жардырылышы да себеп болгон эле. Ал эми Түркия болсо ошол эле Ирак менен Каспий боюндагы өлкөлөрдүн мунай экспортунда маанилүү корридор болуп эсептелет.


Мунайдын соңку кымбаттоосунун дагы бир себеби катары мунай базарындагы чайкоочулук аталууда. Бул тураалуу кара май экспорттоочулардын – ОПЕК уюмунун башкатчысы Абадалла Салем аль- Бадринин Венадан таратылган билдирүүсүндө да белгиленген. Мындан сырткары ОПЕК уюму кара май кымбаттоосунун жүйөөсүн мунай иштетүүчү заводдордун кубаттуулугунун чектелүүлүгү, америкалык доллардын наркысыздануусу, Жакынкы Чыгышта геосаясий проблемалардын сакталып жатышы менен түшүндүрөт. ОПЕК өткөн айда өндүрүшчүлөр менен керектөөчүлөр ортосундагы тең салмактуулукту жакшыртуу үчүн өндүрүштүн көлөмүн келерки айдын тартып күнүнө 500 миң баррелге көбөйтүү чечимин кабыл алган болчу. ОПЕКтин ырастоосунда, дүйнөлүк базарда азыр чийки мунайдын тартыштыгы жок.

Мунай кыбаттаганы турмуш –тиричиликтин баардык чөйрөсүндө баа көтөрүлөт дегенди туюндурат. Кыргызстандын мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетов биз менен болгон маегинде өлкөдө октябрь айы ичи күйүүчү май үчүн азыркы баалар сакталарын, бирок келерки айда кандай болору белгисиз экенине токтолду:

- Октябрь айынын аягына чейин Орусиядан, Казакстандан келип жаткан мунайдын баасы белгилүү. Ал эми ноябрь айындагы баа кандай болорун өзүбүз да билбей турабыз. Себеби дүйнөлүк базардагы баа Орусия менен Казакстанга да таасир этет. Ноябрь айы үчүн контракттар ушул айдын соңунда түзүлөт.

Мунай сатуучулар ассоциациясынын төрагасы Базарбай Мамбетов белгилегендей, Азиянын калган өлкөрүндөй эле Кыргызстанда жылдан –жылга күйүүчу майды керектөө өсүү үстүндө.

- Биздин рыноктун көлөмү быйыл 1, 27 миллион тоннага барып калат деген ойдо турабыз. Расмий маалыматтар боюнча быйыл сегиз айдын жыйынтыгында автомобилге керектелүүчү бензиндин көлөмү былтыркы жылга салыштымалуу 67%га , ал эми дизелдик май 2,7 эсеге көбөйдү.

Базарбай Мамбетов кошумчалагандай, Кыргызстанда азыр канча күйүүчү май керектелерин аныктоодо контрабанданын көлөмү мурдагыга салыштырмалуу азайганы да жардам берүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG