Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

13:17 Ички иштер министрлиги «Жашылдар» саясий партиясынын кеңсесин текшерди


Текшерүүнү Ички иштер министрлигинин 9-бөлүмүнүн кызматкери Арсланбек Ырысов жетектеген топ уруксатсыз жүргүзүп, аны партиянын атынан окуу жайларга атайын баракчаларды таратуу фактысы менен байланыштырган. Бул тууралуу партия тараткан билдирүүдө айтылат. Билдирүүдө партия эртеңкиге белгиленген нааразылык акциясынын учурунда ар кандай чагымдар уюштурулушу толук ыктымал деп болжогон. Кечээ түнү «Жашылдар» партиясынын митингге чакырыгын жарыялады деген негиз менен көз карандысыз «Алкак» гезитинин 2,5 миң нускасы атайын кызматтар тарабынан тартып алынган. Аталган партия буга чейин 19-октябрда нааразылык акциясына чыгарын шаар мэриясына маалымдаган. Шаар бийлиги референдум өтмөйүнчө нааразылык акциясына уруксат берилбей тургандыгын билдирген болчу. (BuS)

 

XS
SM
MD
LG