Бул маселени «Психикалык саламаттык жана коом» деген аталыштагы өкмөттүк эмес уюм көтөрүп, ММКнын өкүлдөрүнө оорукананын бүгүнкү абалын тааныштырды. Себеби, 1997- жылы Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Чымкоргондогу оорукананын иштен чыгып калган үч кабаттуу имаратын оңдоо үчүн жүз кырк миң доллар берилген. Убагында бул иш аткарылды деген отчет да берилип калган. Бирок имарат бүгүнкү күнгө чейин ишке кирбей жабык боюнча турат. "Бөлүнгөн акча кимдин чөнтөгүнө кеткенин билбей жатабыз",- дейт аталган коомдук уюмдун өкүлдөрү. Ал эми оорукананын башкы врачы Жаныбек Ажыбеков имаратка бөлүнгөн акчанын дайынын билбейт жана анын бүткөрүлүшү бүгүн оорукана үчүн маанилүү эмес деп билет. Анткени сегиз жүз элүү оорулууга болжонгон Чымкоргондогу психикалык ооруканада учурда болгону беш жүзгө жетпеген оорулуу дарыланат. (JJ)