Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

КАЗАКСТАН: ЖОГОЛГОН БАНКИРЛЕРДИН БИРИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛГАН БОЛУШУ МҮМКҮН


Казакстанда быйыл жыл башында жоголгон эки банкирдин биринин сөөгү табылган болушу мүмкүн. Бул тууралуу Алматы шаарынын ички иштер башкармалыгы билдирүүдө. Ал эми банкирлердин дайынсыз жоголгону үчүн айыпталгандардын башкысы - президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев. Казак бийликтеринин аны Австриядан өткөрүп алуу аракети азырынча ишке аша элек.

Казакстандын ири каржы мекемелеринин бири – Нурбанктын жогорку даражалуу эки кызматкери - Жолдас Тимиралиев менен Айбар Хасенов жыл башынан бери дайынсыз. Алардын жоголушу өлкөдө атүгүл саясий мүнөз алып кеткен ири чатакка себеп болду. Айтымда, алар жыл башында банктын акционерлеринин жылдык жыйынынан соң уурдалган. Нурбанкта төраганын орун басарлык кызматын аркалган Жолдас Тимиралиев экинчи ирээт уурдалган соң дайынсыз жоголуп олтурат. Ал быйыл январда эки –үч күнгө дайынсыз болуп кеткенде, жубайы Армангүл Капашова Алматыда маалымат жыйынын өткөрүп, күйөөсүн президенттин ал кездеги күйөө баласы Рахат Алиев уурдаганын, өзүнө караштуу эс алуу жайынын жер төлөсүндө колун кишендеп, ур токмокко алганын, мүлкүн бөлүшүүнү талап кылганын жалпыга айтып чыккан эле.

Нурбанк учурунда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиевдин көзөмөлүндөгү каржы мекемеси катары эсептелчи. Казак бийликтери жогорудагы окуялардан соң ага каршы кылмыш ишин козгоп, Алиев президенттин кызы Дарига Назарбаева менен ажырашкан соң банктагы акциялары мурдагы жубайына өткөнү айтылган. Кылмыш иши козголгондон бери, казак ички иштер министрлиги банкирлердин дайынсыз жоголушуна Рахат Алиевдин тиешеси бардыгы боюнча улам бир маалыматты жарыялап келди.

Эми Алматынын милиция башчысынын орун басары Амантай Аубакировдун 17-октябрдагы маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Рахат Алиевдин атасы Мухтар Алиевге караштуу агроферманын жанынан табылган адам сөөктөрү жоголгон банкирлердики болушу мүмкүн:

- Бул кылмыш иш боюнча айыпталып жаткандардын биринин көрсөтмөсүнө караганда, 2007-жылдын февраль айынын башында Рахат Алиевдин тапшырмасы боюнча алар Алматы облусунун, Карасай районундагы Көлдү кыштагына Мухтар Алиевдин агрофермасына канатташ жайгашкан жерге барышкан. Токой жээгине бир аз токтошкон кезде Рахат Алиев ошол аймакка байкоо жүргүзгөн. Бул көрсөтмөлөрдүн негизинде ошол аймакта издөө - иликтөө иштери жүргүзүлүп, адам өлүгүнүн калдыктары табылды. Азыр сөөктүн кимдики экенин аныктоо үчүн бир катар экспертиза дайындалды. Тергөө ал дайынсыз жоголгон жарандардын бирине таандык болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Бул ишти иликтөө алкагында мурдараак коопсуздук кызматтары президент Назарбаедин мурдагы кудасы, академик Мухтар Алиевдин үйүнө да тинтүү жүргүзүшкөн эле. Ал эми Рахат Алиевдин өзү болсо мурда элчилик кызматта иштеген Австрияда кала берүүдө. Бир катар кылмыш иштери, анын ичинде адам уурдаганы, опузалаганы, арам акчаны адалдаганы үчүн айыпталган Рахат Алиевди өткөрүп алуу жөнүндөгү казак тараптын өтүнүчүн Австриянын соту анын маселеси мекенинде адилет каралбайт деген жүйөөдөн улам бир ирээт четке какты.

Ал эми Казакстандын "Куб"деп аталган интернет баракчасы 17- октябрь күнү Алиевдин атынан макала жарыялады. Анда Рахат Алиев атасына караштуу ферманын жанынан адам сөөктөрү табылгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды ички иштер министри Бауржан Мухамеджановдун ага каршы жаңы провокциясы катары мүнөздөгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG