Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

7:00 «Жашылдар» партиясы бүгүн борбордук аяннта митинг уюштурганы жатат


Митинг «Алатоо» аянтында «Ачка Кыргызстан референдумга каршы» деген аталышта өтүп, анда азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу нааразылык билдирилмекчи. Аталган партия мындай нааразылык акциясын өткөрүү тууралуу буга чейин шаар бийлигине кабарлаган. Бирок шаар бийлиги референдум өтмөйүнчө Алатоо аянтында митинг өткөрүүгө уруксат берилбестигин маалымдаган. Кечээ болсо «Жашылдар» партиясынын кеңсесине милиция тарабынан тинтүү жасалды. Партия төрагасы Эркин Бөлөкбаев муну бийликтин митингди болтурбоо аракети катары баалап, ар кандай тоскоолдуктарга карабастан митинг өтөөрүн, башмыйзам боюнча нааразылык чараларды өткөрүүгө бийликтин уруксаты талап кылынбастыгын айтууда.(SM)

XS
SM
MD
LG