Оппозициянын апрелдеги митингин таратуу учурундагы баш аламандык боюнча Жылдызбек Кенжебаевге милицияга таш ыргыткан, Амантай Сейталиевге болсо ички иштер министри Болот Ногойбаевдин колунан үн күчөткүчтү талашкан деген айып тагылууда. Бул ишти Биринчи май райондук соту сентябрь айында карап баштаган. Буга чейинки сот отурумунда айыпталуучулар күнөөлөрүн толук мойнуна алышкан. Мамлекеттик айыптоочу болсо соттон бул эки жаранга үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөттө жаза чектөөнү сураган. Бүгүнкү сот ишинде айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгышы мүмкүн.(SM)
7:09 Апрелдеги тополоңго байланыштуу айыпталган эки жарандын иши боюнча бүгүн сот өкүмү чыгышы мүмкүн