Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

ӨЛКӨ КАЙГЫСЫН ТАРТКАН ЭЛДЕН, БӨЛКӨ КАЙГЫСЫН ТАРТКАН ЭЛ КОРКУНУЧТУУ


«МСН» гезити «Нандын баасын мамлекет көзөмөлдөшү керекпи?» деген суроо менен кайрылганда, Антимонополия жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча Мамлекетттик департамент деректири Иманкадыр Рысалиев, нан баасына эч кандай монополия болбошу керектигин, бүгүн нанга болгон баа эки эсеге өскөнүн, демек нандан казынага ошончо акча түшүп атканын, кайра эле ал каражатты социалдык пособиелерге жумшаса болорун айткан. Нан жабуучу ишканалардын кожоюну Бакыт Ташболотов негизги азык-түлүктөрдүн баасын аныктоого сөзсүз мамлекет катышы керектигин, миллиондон ашуун тургуну бар Бишкекте болгону ырасмий каттодон өткөн 28 гана наабайкана барын, мамлекет азык-түлүктөрдүн баасын көзөмөлгө алса азык-түлүк арзандарын, ал эми фермер Урмат Жекшенов, мамлекет чындап эле азык-түлүк кризисинен чыгууну ойлонсо анда айыл-кыштактардагы дыйкандарга сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө колдоо көрсөтүшү керектигин, ошондо кыргыз дыйкандарынын Кыргызстанды азык-түлүк менен жетиштүү камсыз кылууга кудуреттери жетерин айткан.

«Аалам» гезити ун маселесине арнаган макаласында өкмөт башчысы А.Атамбаев кезектеги жыйында базардагы баа түшүп, ун 1500 сомдон 1200 сомго төмөндөгөнүн салтанаттуу жар салганын, бирок дүйнөлүк товар рыногу менен кабардар кишилер премьердин мындай сөздөрүнө ишенбей карап турушканын, анткени бийликтин деми менен уюштурулуп жаткан референдумдан кийин баалар кайрадан көтөрүлөрүн маалымдады.

«Кыргыз руху» гезити «Нанды ким көп жейт?» деген суроо коюп, Кыргызстандын башкы салыкчысы Т.Курманалиевди маңдайына олтургузуп алып президент К.Бакиев андан ушинтип сураганын… анан кайра өзү « албетте кары-картаңдар, аз камсыз болгондор…» деп манжалары менен санап чыкканын шилтеме кылып, Буга карата депутат Ө.Текебаевдин жообун баскан.Ө.Текебаев мындай дейт: «Бизде калктын 5 пайызы бай, алар нан он эсе кымбаттаса да, этке өтүп алып, сырттан келген, биз билбеген дүр-дүйнө тамактар менен тамактана берет. Калктын 20 пайызынын жашоосу ортодон жогору. Ал эми калктын 75 пайызы кедей. Анын ичинен 50 пайызы өтө жакыр. Мына ошол эптеп нан менен жашап келаткандар үчүн нандын кымбатташы –ачкачылык, ал элдин ач-жылаңач бөлүгүн жок болууга алып келет. Биздин кесепет мына ушунда».

«Агым» гезити өкмөт башчысы А.Атамбаев менен аңгеме-дүкөн курду. Ал аңгемесинин башында азык-түлүк маселесине токтолуп, ун дагы арзандарын, бул боюнча өкмөт атайын токтом токуганы жатканын, келерки жылга айылчарбасына каражатты 3 эсеге көбөйтүү караларын айтуу менен референдумда жаңы Конституция кабыл алынса мыйзам боюнча өкмөт отставкага кетерин, кызмат анын атасынан калбаганын, негизинен президент сунуштап аткан долбоордо мүчүлүштөр барын, бирок ал жетекчилик кылган Клнституциялык топтун сунушунун 50 пайызы киргенин, өзү референдум боюнча штабды жетектеп турганда админстративдик ресурстарды колдонууга жол бербей тургандыгын, эл өзү каалагандай эркин добуш беришин, ал башында турган партия алдыдагы шайлоого даярдык көрүп жатканын, бирок Ссоциал-демократтар оппозицияга да кошулбастыгын, ошондой эле бийликке да тизе бүкпөй тургандыгын айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG