Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

ТАЛАСТА АЛТАЙ ЭЛДЕРИНИН ЭПИКАЛЫК МУРАСТАРЫНЫН ФЕСТИВАЛЫ БАШТАЛДЫ


Эки күнгө созула турган фестиваль улуттук дөөлөт мурастарын сактап калуу жана өркүндөтүү үчүн түзүлгөн “Теңир Ордо” коомдук фонду, “Бакдөөлөт” жана “Манас мурас” коомдук фонддору тарабынан уюштурулуп жатат. “Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши бул фестивалдын уюштуруучуларынын бири “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар” ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева.

- Кыргызстан үчүн бул фестиваль кандай пайда бере алат?

- Эң биринчи пайдасы бул Жапония, Кытай, Алтай, Якутия жана Казакстандан эпос айтуучулар келе жатат. Кошумча аброй деп айтсак болот. “Кыргызстан эл аралык фестиваль өткөрө алат” дегенди билдирет. Мындан сырткары, “Манас” эпосун дагы жаңы көз караш менен кароо мүмкүнчүлүгүн берет деп ойлойм. Анан дагы Кыргызстан биринчи болуп, эпосчу, дастанчылардын башын бириктирип жатканы биринчи тажырыйба болуп жатат. Экинчиден, бүгүн жалгыз гана фестиваль менен бүтпөйт. Эртең илимий конференция болот. Анда келерки жылга эл аралык “Манас-2007” фестивалы “Манас-2008” болуп уланып кетери айтылат. Эл аралык комитет уюшулуп, Алтай элдеринин эпосун биргелештирген коом түзүп жатабыз.

- Сиздин баамыңызда эпикалык мурастарды сактоого кандай жагдайлыр тоскоол болуп жатат?

- Биринчиден, Алтай, Якут, Тыва жана кыргыздарга жакын бир тууган элдерди карап көрсөк илгери коммунисттик саясатта элдин аң-сезимин жана анын менталитетин жоготкон. Өзүнүн нукура байлыгынан алыстатып койгон. Адам кандай өнүгүш керек, эл кантип сапаттарын сактай алат – булардын бардыгы эпостордо жазылган. Ошону колдоп кеткенге азыр идеология, саясат, мамлекеттик каражат жок болуп жатат.

- Мындан ары дагы кандай иш-чараларды өткөрүүнү болжоп жатасыңар?

- Биз кийинки жылы ушундай эпосторду изилдөө жана ошону колдоп, Алтай элдеринин тарыхын изилдөө, “Манас” күмбөзүн сактап калуу үчүн Шаңхай коомуна кайрылып жатабыз. Кийинки жылы конференциябызды анын колдоосу менен өткөрүүнү пландап жатабыз.

- Рахмат.

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG