Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

11:22 «Асаба» партиясы Социал-демократиялык жана «Жаңы Кыргызстан» партиясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат


Бул тууралуу “Асабанын” лидери Азимбек Бекназаров бүгүн билдирди. Анын айтымында, бул партиялардын ортосунда алгачкы сүйлөшүүлөр 18-октябрда болуп өттү. Эми анын кезектеги бөлүгүндө парламенттик шайлоо алдында биригүү маселеси талкууланмакчы. “Асаба” партиясынын лидери ошондой эле “Акшумкар, “Атамекен”, “Кайран эл” партияларынын лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Анда “Атамекен” партиясы шайлоого өз алдынча бараарын жарыялаган. Бирок “Атамекендин” лидери Өмүрбек Текебаев бул маалыматты чындыкка туура келбесин айтып, оппозициялык партиялар ортосунда сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG