Өкмөт башчынын чечими менен кеңештин курамына депутаттардан А. Салымбеков, каржы жана экономика министри А. Жапаров, айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри С. Жээнбеков, ошондой эле ишкерлер жамааттарынын, уюмдардын өкүлдөрү, чоң базарлардын жетекчилери кирген. Мындай кеңеш түзүү демилгеси ушул жылы өткөн эки өлкөнүн ишкерлеринин жыйындарында көтөрүлүп, мамлекеттер ортосунда соода мамилелерди өнүктүрүү максатында түзүлгөн. (EBM)