Бул тууралуу партия лидерлери Эмиль Каптагаев жана Кубанычбек Исмаилов бүгүн билдирди. Алардын айтымында, долбоордо жер байлыгынын менчикке берилүү мүмкүнчүлүгүнө жана орус тилине расмий статус берилишине партия каршы. Ал эми парламенттин 100% партиялык тизме менен шайланышын, долбоордун референдумда кабыл алынышын колдойт. Жакын арада парламенттик шайлоо болсо, «Улуу Биримдик» партиясы эч кимге кошулбай, өз алдынча барууга аракет жасайт, деп белгиледи партия лидерлери. (AiT)