Каракол шаарынын ат майданында айыл чарба эмгекчилеринин түшүм майрамы уюшулуп, ат оюндарына байгелер коюлду. Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков, президенттик администрация башчысынын орунбасары Айбек Алыбаев катышып, президенттин атынан ат чабыштын баш байгесине 100 миң сом тапшырды. Ал эми облус губернатору Кыдыкбек Исаев болсо жалпы эмгекчилерге жазында арзандатылган 2 миң тонна күйүүчү май, 2400 тонна буудай берилгенин билдирди. Бирок айыл чарба департаментинин маалыматы боюнча, дан 2000,5 центнерден гана айланып, өткөн жылдагыдан бир жарым эсеге аз өндүрүлгөн. (RB)