“Эгер ушу таптагы соода-сатыктын жүрүшүнө жана эл аралык капиталдын агымына көз салганда, доллардын башка валюталарга салыштырганда дагы төмөндөй турганы ачык байкалат”, - дейт профессор Йоотс.
Балким,бу валюта менен соода кылган дүйнөлүк сарапчылардын долларга караганда еврого көбүрөөк тап коюп жатканына гана байланыштуу болуп жүрбөсүн?
Бу суроого жооп берип, профессор Йоотс экономикалык өсүштүн келечеги жана инфляцияны ооздуктоо жагдайы АКШга салыштырганда Европада бир кыйла жакшы экенин белгиледи. Ошол себептен долларга караганда евро алымдуу болууда. Ушундан улам элдин көбү евро сатып алууну, акчалай капиталын евро наркында сактаганды эп көрүүдө.
Доллардын төмөндөшүн профессор жалпысынан эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиден, ушу тушта АКШда ипотека кризиси бүтөрүнө ишенич жок. Ушунун өзү экономиканын өсүшүнө терс таасир тийгизүүдө. Экинчи жактан дүйнөнүн калган аймактары айрым бир тармактарда АКШны такымдап калышты.
АКШда жер жүзүндөгү жалпы калктын беш-алты проценти жашайт,анын үлүшүнө дүйнөлүк экономиканын 20-25 проценти туура келет. Ошол эле учурда жер жүзүндө калкы камыштай калың аймактар аз эмес,алардын экономикалык системасы,билим берүү чөйрөсү, технологиясы өркүндөп, АКШга теңелип,атүгүл кууп өтө баштады. Мунун өзү жаман деле көрүнүш эмес,анткени мындай жерлерде кирешелер өстү, элдин сатып алуу мүмкүндүгү кеңейди. Эгер ушундай аймактарда доллардын наркы кете баштаса, анда бул америкалык продукцияларга талап күчөдү дегенди билдирет.
Профессор Йоотс доллардын башка валюталарга салыштырганда мындан ары да төмөндөй турганына ишенгени менен ал канчага чейин түшөрүн,кайсы деңгээлге жетип токтоорун айткан жок.
Башка бир эксперттер доллардын ылдыйлашын таяктын эки учундай баалашат. Баарыдан мурда евронун зонасына кирген өлкөлөрдө импорт, өзгөчө доллар наркына байланган мунай, металл жана башка товарлар арзандайт. Экинчи жактан евронун баасы жогорулаган сайын Европада өндүрүлгөн товарлар кымбаттайт, натыйжада экспортко салакасын тийгизет.
Эксперттер АКШ үчүн кайсы чекке чейин пайдалуу болсо, доллар ошол деңгээлге чейин ылдыйлайт дешет. АКШ мунун аркасында доллар эсебинде эсептелген карыздарынан как арылганга жетишет, ошондон соң доллар кайрадан өрдү көздөй өнтөлөп көтөрүлө баштайт. Көпчүлүк эксперттер бул процесс эмдиги жылдын алгачкы айларында башталат деп эсептешет.