Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

7:30 Бүгүн жалпы элдик Референдум


Борбордук шайлоо комиссиясы жана добуш берүүчү участоктор бүгүн эртең мененки саат алтыдан тартып иштеп баштап, добуш берүү ошол убакыттан тарта башталды. “Жалпы элдик референдумдарды өткөрүү” жөнүндөгү 1991- жылкы мыйзамга ылайык, бул жолу таңкы алтыда башталган добуш берүү кечки саат сегизде аяктайт. Шайлоо укугуна ээ болгон кыргызстандыктар референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын президент Курманбек Бакиев сунуштаган долбоору менен шайлоо тууралуу кодекстин жаңы редакциясына добуш беришет. Буга байланыштуу жарандарга кызыл жана көк түстөгү эки бюллетень берилет. Дагы бир башкы айырма- 2005-жылкы парламенттик шайлоодогудай шайлоочунун баш бармагына сыя сүртүлбөйт.
Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда референдумга даярдык шайма-шай бүтүп, жалпы Кыргызстан боюнча добуш берилүүчү 2190 шайлоо участкасына бюллетендер беш күн мурда жеткирилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG