Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримовдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Орусиянын прокуратурасы экс-президенттин уулун Кыргызстандын күч органдарына берүүдөн экинчи жолу баш тартты. “Алар Минск Конвенциясындагы өздөрүнүн эгемендүүлүгү жана коопсуздугу тууралуу берене боюнча Айдар Акаевди бизге берүүдөн баш тартышкандыгын маалымдашты. Биз дагы суроо жиберип, Айдар Акаевдин орус жарандыгын алгандыгы тууралуу тактоону өтүндүк. Эгер ал Орусиянын жарандыгын алган болсо, Орусиянын күч органдары Акаевге козголгон кылмыш иштерин бизден алып, аны ошол жакта жоопко тарта алышат,”-дейт Учкун Каримов.
Экс-президенттин уулу Айдар Акаевге карата беш кылмыш иши козголгон. (ZKo)
Экс-президенттин уулу Айдар Акаевге карата беш кылмыш иши козголгон. (ZKo)