Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

10:25 Мамлекет башчы Референдумга “ооба” деп добуш берди


Прездиент Курманбек Бакиев Ташкен көчөсүндө жайгашкан участокко жубайы Татьяна Бакиева менен келди. Президент добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, маанайы жакшы экендигин, бардык облустарды кыдыруу учурунда ага Конституциялык реформаны эртерээк бүтүрүү тууралуу суроо-талаптар коюлгандыгын билдирип, реформа создугуп кеткениг мойнуна алды. Мамлекет башчы Референдумдан кийин буга чейинки саясий-талаш тартыштар тыйылат деген ишенимде. Парламент тарайбы же жокпу деген суроого Курманбек Бакиев “кандай болууга тийиш болсо, ошондой болот, аны жакында өзүңөр көрөсүңөр,” деп табышмактатып жооп берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG