Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

12:14 Чукул кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлери кылмыш жообуна тартылышат


Башкы прокуратура чукул кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлеринин үстүнөн мамлекетке зыян келтирген деген берене менен кылмыш ишин козгоп, ИИМге жиберген. ИИМ маалымат кызматынын кабарлаганы боюнча аталган министрликтин кызматкерлери авторадиостанция жана башка керектүү аппаратураларды сатып алуу боюнча “Сита” ЖЧК менен 10 млн сомго келишим түзгөн. “Тендер жүргүзүлүп сатылып алынган техникалардын чыныгы баасы 1 млн 534 114 сом турат, ал эми келишимде баа үч эсе кымбат көрсөтүлгөн. Муну менен чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 8 млн сомдон ашуун зыян келтиришкен,” деп айтылат маалыматта. Кылмыш жообуна тартылып жаткан кызматкерлердин аты азырынча атала элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG