Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 10:00

12:35 Нарында жакыр үй-бүлөлөр үчүн бөлүнгөн буудай мыйзамсыз сатылып кеткен


ИИМ маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери З. Өмүров өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, жакыр үй-бүлөлөргө бөлүнгөн 30 тонна буудайды Балыкчы шаарынын тургуну Н. Муканбетовага сатып жиберген. Буудай 1 кг 7 сомдон сатылууга тийиш болгон, ал эми райондук аткаминер 1 кг 12 сом 15 тыйындан саткан. Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG