“Атамекен” партиясынын башкы штабы “Агым” гезитинин 19-октябрдагы санына Болот Шерниязов “Атамекен” партиясынын катарынан кетери жөнүндө жарыяланган маалыматты жокко чыгарган билдирүү таратты. Болот мырза дагы деле катарыбызда, биздин партиялаштардын жана бизге санаалаштардын бул боюнча тынчсыздануусуна негиз жок, деп айтылат билдирүүдө. (ZKo)