“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын байкоочулары Бишкек шаарынын №1211 жана №1081 шайлоо участкаларына добуш берүүгө жаш улан-кыздар автобустар менен ташылып келингендигин кабарлашты. Ушундай эле көрүнүш Жалалабат облусунун №2132; 2133; 2375 жана 2376-шайлоо участокторунда да байкалган. Баткендин Күлдүү жана Сарыталаа айыл өкмөт башчылары элди добуш берүүгө автобустар менен ташып жүргөнү айтылат коалиция тараткан билдирүүдө. (ZKo)