Мындай маалыматты “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы аймактагы байкоочуларына таянып таратты. Анда айтылгандай, КР эсеп палатасынын төрагасы, мурунку ЖК депутаты Искендер Гаипкулов айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин орун басары Махамаджан Ахмадов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары М. Каратаев менен чогуу Араван районунун бардык шайлоо участкаларында болуп, комиссия мүчөлөрү жана добуш берүүчү жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Коалиция муну Референдумга добуш берүү учурунда административдик ресурс колдонуу аракети деп баалоодо. (ZKo)
18:45 Араван районунда эсеп палатасынын төрагасы министрлердин орун басарлары менен чогуу шайлоо участокторун кыдырып жүрдү