Түркиянын Ирак жана Иран менен чек арасына жакын жерде жикчил күрдүлөр аскердик бөлүккө кол салышты. Буга удаа президент Абдулла Гүл бийлик өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрө тургандыгы маалымдалды. Мындан төрт күн мурда Түркиянын парламенти Күрдистандын Жумушчу партиясынын козголоңчуларын кубалап, Ирактын түндүгүнө чабуул жасоого уруксат берген эле.