Президент Курманбек Бакиевдин парламентти таратуу тууралуу бүгүн чыгарган жардыгына ылайык Жогорку Кеңеш бийлик бутактарынын ортосундагы келишпестиктин пайда болгонунан улам таратылган. Тагыраак айтканда парламент менен Конституциялык соттун ортосундагы тирешүү себеп болгон. Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен Конституциялык соттун үч судьясын шайлоо боюнча мурда кабыл алган токтомун жокко чыгарып, Конституциялык сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу пикирлер айтылып, ага байланыштуу Консоттун ишин текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Конституциялык сот болсо ЖК мындай чечимин мыйзамсыз деп тапкан.
Президенттин жардыгына ылайык парламент бүгүнкү күндөн тартып ишин токтотот, ал эми жаңы парламентти шайлоону БШК дайындайт. (ZKo)
Президенттин жардыгына ылайык парламент бүгүнкү күндөн тартып ишин токтотот, ал эми жаңы парламентти шайлоону БШК дайындайт. (ZKo)