21-октябрда болуп өткөн Референдумга байкоо жүргүзгөн “Интербилим” борбору, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы, “Болуш”ассоциациясы, “Намыс” жана “Таза табигат” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Референдумдун жыйынтыгы боюнча БШК тарабынан берилген маалыматтар менен макул эместигин, Референдум бир топ мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилешүүдө. Алар массалык түрдө бюллетень таштоо, элди автоунаалар менен ташуу сыяктуу мыйзам бузуулар болгондугун, дээрлик бардык жерде буга участкалык шайлоо комиссиялары көз жуумп же өздөрү баш болуп мыйзам бузгандыгын айтышты. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан шайлоо жараянынын жүрүшүнө кийлигишүүлөр, байкоочулардын укугун тебелеп, аларды коркутуп-үркүтүүлөр болгондугу да маалымдалды.
“Интербилим” коомдук уюмунун өкүлү Елена Воронина мындай көз көрүнөө бурмалоолор мурдагы бийликтин тушунда да болбогондугун айтып, эгер БШК алардын арыздарын кабыл албаса, сот аркылуу аракет кылынарын билдирди. (ZKo)