Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

14:05 Бүгүн Конституциянын 1-жолу бузулушуна 13 жыл болду


”СССР Констиуциялык элдик кыймылынын” координатору Чоро Сарыпбековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча 1994-жылы 22-октябрда эк-президент Аскар Акаев тарабынан Кыргызстандын Конституциясы алгачкы ирет бузулган. “Кечээ бешинчи ирет бузулду. Мыйзам боюнча Консот Башмыйзамдын бузулганы үчүн кылмыш ишин козгоого корутунду берүүгө тийиш болчу, бирок бир да жолу берген эмес,”-дейт Чоро Сарыпбеков. Ал бүгүн Башкы прокуратуранын алдына Конституциялык сотко карата кылмыш ишин козгоосун талап кылып, пикетке чыккан. Анын “Конституция Референдум менен кабыл алынбайт! 97-статья”, “Мамлекеттик кылмышкерлер, Референдум тууралуу Конституциялык мыйзам кана?” деген жазуулары бар плакатын B 1136 G мамлекеттик номерлүү “Мерседес” автомашинасы менен келген прокуратуранын кызматкерлери айрып салышкан. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылууга жасаган аракетинен майнап чыккан эмес.
29-октябрда Бишкек шаардык сотунда Башмыйзамдын бузулушу боюнча Чоро Сарыпбековдун арызы каралат.
(ZKo)

XS
SM
MD
LG