Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

15:15 Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандар төрт жылга эркинен ажыратылды


19-апрелдеги массалык баш аламандык боюнча Жылдызбек Кенжебаевге милицияга таш ыргыткан, Амантай Сейталиевге болсо ички иштер министри Болот Ногойбаевдин колунан үн күчөткүчтү талашкан деген айып тагылган. Бүгүн Биринчи Май райондук соту бул ишти кароону улантып, айыпталуучулардын акыркы сөзүн укту. Андан кийин сот Жылдызбек Кудаяров айыпталуучулардын күнөөсү толугу менен далилденгендигин айтып, 25 жаштагы Жылдызбек Кенжебаев менен 40 жаштагы Амантай Сейталиевди 4 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыраткан чечимин чыгарды. Буга чейин прокурор аларды үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG