Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (ЮСАИД) долбооруна ылайык мугалимдердин билимин жогорулатып, билим берүүдөгү башкаруунун жана окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөткөн он үч борбор ачылган. Анын алкагында беш миңден ашык мугалимдер, мектеп деректирлери окутулган. Окуу мекемелерине ресурсттук материалдар берилип, отуздай мектеп оңдоп түзөтүлгөн. ЮСАИД билим берүүдөгү каржылоо системасын реформалоого да кол кабыш кылган. (EBM)