Саат 15:00 акыркы отурумуна чогулган депутаттар мамлекеттик гимндин алдында ишин аякташты. ЖК төрагасы Марат Султанов үчүнчү чакырылыштагы парламент 2005-жылкы март окуяларынан кийинки оор кырдаалда иш алып барганын белгилеп, шайлоочулардын алдында жүзүбүз жарык деген оюн билдирди. Депутаттардын ыйгарым укуктары толугу менен бүгүн-эртең БШК тарабынан токтотулуусу күтүлүүдө. (ZKo)